узундук
- Кандайдыр бир сызыктын, тегиздик тин ж е нер сенин бир багыт боюнча эки жакка созулган четки чектеринин аралыгы.
- Бир нече убакытка созулгандык, узак болгондук (убакыт жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ип кайра жанганы, / Чанданды көргөн Чакмакташ, / Андестиги кармады, / Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ап, / Кошундун туруп ичинде, / Коркоктун көбү калдаңдап, / Күүлөдү майтык найзасын, / Күүсүн мунун байкагын - / Күркүрөгөн куусу бар, / Учунда жалын оту бар, / Узундугу найзанын, / Бир жүз элүү кулач бар, / Найзасын сунуп бакырды, / Топурак учуп, боз түшүп, / Туман басты какырды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Узундугу он кулач, / Ар бутагы ар чынар, / Жалбырагы салбырап, / Булгап алды колуна, / Сейитимди салам дейт, / Бир чапканда жолуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Эки жаагы менен ээгинин са калынын узундугу бирдей.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мындан ары барсаң, тээтиги дөбөдө узундугу бир кулач чучук жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →