узун
- Кысканын карама-каршысы.
- Узак, көпкө созулган.
- Алыс, ыраак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Лопнурдун чыгыш түндүгү, / Тообо-томук кылат дейт, / Ошондой өткөн жүргүнчү, / Чакмакташты Кетиркей, / Алдырып кетти Котенге, / Чакмакташ деген жер бар дейт, / Узун кулак укмуштуу, / Карылар айтат бул күндө, / Муну мындай таштайлы, / Жай таппаган Калдыктын, / Кармалганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тартчуу боосун кармады, / Мойнуна муну салганы, / Узунбу, кыска өмүрү, / Өлгүнчө уулга арнады, / Көзү көрүп энеси, / Байкап муну калганы: / “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, / Торгой шерге жарады, / Максатка жеткир жараткан, / Жан кылган соң адамды, / Калганда өзүң билесин, / Пайдасы менен залалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коркконуң карап тургун, — деп, / Коржоңдогон Дабытай, / Кара бойу мунардай, / Колу-буту чынардай, / Узун бойлуу кең далы, / Эмикинин балбаны, / Өтө сулуу кызталак, / Меңсиз бети апаппак, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Баатырлык сыны таанылат, / Сары кирпик, жалтыр кө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уламадан улады, / Укмуштуудан сурады, / Кары менен жашынан, / Узун кулак башынан, / Эрикпей Жакып сураптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жөө жыландай сүйрөлгөн, узун бойлуу, кара тору неме.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →