уза

китептерде 123 жолу, 10 китепте
  1. Белгилүү бир орундан, жерден алыстоо, ыраактоо, белгилүү бир аралыкка бөлүнүп, озуп кетүү.
  2. Жөнөө, жөнөп кетүү.
  3. Белгилүү бир убакыт өтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ортодо Отор оолугуп, / Ойлонуп чочко олтуруп, / Он миң киши кол бөлүп, / Өзүнө кийин туруучу, / Он эки мыкты зор бөлүп, / Туйбасын деп Чигитей, / Бир кишини купуйа, / Түн ичинде узатып, / Медеркан кошо барат, деп, / Таласты көздөй жол берип, / Билбемиш болуп жатыптыр, / Жиберген киши алдыртан, / Медерканга айтыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элдер айран калгандай, / Уккандар кебин салгындай, / Урматтап сени узатсам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Узаттыңбы Жакыпты, / Көөнүн ачып кош кылбай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…кбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго алды түшүрүп, / Урумдун элин узатты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кайра кети… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жигит кудуктан узап кеткенден кийин, бул жерге кербенчилер келишти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →