удургу
- Бир жакты көздөй жапырт сүрдүгүү, улам бир жакты көздөй чогуу бойдон агыла каптоо, өйдө-төмөн, уйгу-туйгу болуу.
- Жапайы уйдун аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитей жетти капкайдан, / Кара бороон удургуп, / Ала Тоодон бурулгуп, / Асман тиреп заңкайган, / Көкжалың жетти капкайдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жаныбарым Аккула, / Ат дүбүртүн укканда, / Кайдан келген душман деп, / Түшмөк болду башыма, / Түгөнбөгөн душман деп, / Токтоно албай удургуп, / Ошентип турган кезинде, / Телкызыл чыгып кашатка, / Келаткан элди көрдү эле, / Биз быйакта дегенсип, / Кишенеп сала берди эле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жымыйып канчык жөн туруп, / Тазкарадан кеп угуп, / Садагам кет, деп угуп, / Бура тартып артына, / Кеткели калды удургуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Келе жатып талаада, / Удургуп айыл калганда, / Коркконун элдин билгени, / Музой Калча үйүнө, / Жалгызек баса түштү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Намыс үчүн удургуп, / Токтоно албай желдедим, / Түп атамдын жолун кууп, / Ошол үчүн келгемин, / Көөнүмө толбой жатыркап, / Төшөктөн качып келбедим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →