удаалаш

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Биринин артынан бири удаа, катарлаш, үзгүлтүксүз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кытайдан келген кызталак, / Үчтү сайып удаалаш, / Биринин башын кесе албай, / Кылычтын мизи кан жалап, / Шермат ханды бетке алып, / Катуу кирди санталак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айдап барып кондуруп, / Аса байлап койдуруп, / Таң атканда чалдырып, / Кара суудан кандырып, / Балдардын баарын сийгизип, / Жалпы баарын мингизип, / Уйду салып алдына, / Койо бергин удаалаш, / Артынан төөнү жүргүзүп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аркасынан удаалаш, / Кууп келет куткарбай, / Алмамбет уулу ач арстан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кажыман жетип удаалаш, / Башын кесип өткөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алты урук алы келбеди, / Ар качан көргөн пайдасын, / Кыргызга кабар бергели, / Арты-артынан удаалаш, / Эки киши жиберди, / Айкөл Манас баатырдын, / Тукуму барбы, жок бекен, / Андан кабар билгели, / Эмгичекти кеткендер, / Кайта жанып келбеди, / Каалаган кишим меники, / Манастын болсо тукуму, / Келер киши ал, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →