угуучу
- Кулак салып тыңшап отурган адам, угуп отурган адам, тыңдоочу.
- Кээ бир окуу жайларынын окуучулары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Угуучу элем укмуштап, / Сомбилектен Чигитей, / Калган экен уулу деп, / Алтымыш уруу көп алаш, / Бел кылат экен муну деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Он жети кабат кызыл там, / Жасалгалуу сарай бар, / Ал сарайдын ичинде, / Теңдеши жок кудай бар, / Кудайдын ишин кылуучу, / Адамдын арзын угуучу, / Узун чапан лаама бар, / Кудайга башын урууга, / Молдонун кебин угууга, / Араң келген ушулар, / Үч күндүк жолго келгенде, / Басып барбайт сарайга, / Басып ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ыраңкүдүк, Алооке, / Нарында бирге туруучу, / Акылдашып, сырдашып, / Кеп-кеңешин угуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Угуучудай айбанга – / Аты менен тайганга, / Карап киши турганда, / Сыр чечишип маңдайда, / Эриккенде адамзат, / Акылы кетет ар кайда, / Эсине алып арбакты, / Айтып турат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Өзүм эс тарткандан берки өмүрүмдө көргөн кайырчылык күндөрүмдү төгүлтүп сайрап жатканымда угуучуларым менин артымдан ээрчип, окуяларыма аралашып, көп жерлерде жан тартып, мени аяп отургандай көрүнүп турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →