убал
- Күнөө, бирөөнү жапа чектиргендиги, бирөөгө залакасын тийгизгенди, туура эмес иш үчүн жоопкерчилик.
- Аянычтуу абал, кыйын, оор абал, жапа чегип, кыйынчылыкка туш келүүчүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Энөөлүк кылып элебей, / Эл козголуп чайпалды, / Түбөлүк болуп ченебей, / Найзаны сайып мылгытып, / Көгүчкөндөй сыргытып, / Кете берсем ыргытып, / Эндекей элге убал, — деп, / Эми эле мени кырам, — деп, / Карапайым букара, / Ханы жарлык кылганга, / Калбай келет бүт мында, / Кай муратка жетемин, / Карандай элди кырганга?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, / Иттин тиши тийбесин, / Ит убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ушунчалык көп элдин, / Төбөңдөн тийген чорого, / Бир куну жетер убалы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →