убакыт
- Мезгил, учур, маал, мөөнөт.
- сүйл. Саат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Койуптур сени Кетиркей, / Билгениңдей башкаргын, / Билги сенде Кетиркей, / Андестик менен иш кылгын, / Өткөрүп убакыт кечикпей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир убакытта катты алып, / Бечетин жырттып ачкалы, / Тизелери калтылдап, / Бели ооруп зыркырап, / Кыйналып барат Ажыкең, / Жаагынан тери шыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бирөө кетет талаага, / Бирөө болот каралды, / Сомбилектей балага, / Бир жылдан артып үч айча, / Убакыт өттү арада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бир аз убакыт озду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Убакыт өттү, баламды бергин, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →