убайым

китептерде 17 жолу, 9 китепте
  1. Кайгы, капа, санааркоочулук, тынчы кетүүчүлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убайым санаа кыргызда, / Түгөнбөгөн көп жатыр, / Каңгайдан казак кутулду, / Манжу, каңгай, таңгыттан, / Калган олжо аттардан, / Чигитей алыш ойдо жок, / Ырым кылып жалгыз мал, / Аралаш казак элине, / Арбын малды айдаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Баш- аламан кылат, — деп, / Кылычтап башты кыйат, — деп, / Баарыбызды кырат, деп, / Жыпжылма түптүз кылат” деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп турганда, / Бурулбастан Кененим, / Коросондун коргонго, / Падышалык ордого, / Тепчий сайды соотунан, / Дарбазанын ортого. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Уламадан улайын, / Уккандардан сурайын, / Кайда болсоң эсен жүр, / Кабарың угуп турайын, / Кербендерден сурармын, / Кебиңди угуп турармын, / Жортоктор менен кайышып, / Жүрөккө салдың убайым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Убайым тартып Сейиттин, / Качып келип турумун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сейитек муну көргөнү, / Келе бери мага, деп, / Найзаны алып койкойтуп, / Кыз Куйалы балбанга, / Алып барып бергени, / Найза колго тийгенде, / Кыз балбандын жүрөгү, / Коргошундай козголбой, / Алаптабай токтоду, / Алда кандай болор, деп, / Аз убайым бар эле, / Ойдон чыгып жоголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →