убайлуу
- Жакшы натыйжалуу, пайдалуу, үзүрлүү.
- Кайгылуу, капалуу, саналуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сени жалгыз биз көп деп, / Ойлонгонбуз башында, / Ойубуздай болбоду, / Убайлуу заман күн болду, / Асмандакы жарык күн, / Бүгүн кара түн болду!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Уулум өлсө сен барсың, / Упурак болуп мен калдым, / Жубайыңдан ажырап, / Убайлуу болуп сен калдың, / Тен бербей кантип койобуз, / Тагдыры экен Алланын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Убайлуу күнгө кез болду, / Өзүнчө келип темтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Убайлуу кылдың мени сен, / Ошончолук зар кылдың, / Кай жеримен жаздым мен?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →