убадалуу

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Айткан сөзгө туруктуу, убадага бек.
  2. Убадалашкан, макулдашылган, убада берилген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убадалуу сөз байлап, / Кош дешкенде кол кармап, / Терисине Каракөз, / Сыйбай калды дардаңдап, / Эми эле жетип Таласка, / Ээ болуп калгандай, / Кетип барат салбаңдап, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кетирбестен мезгилин, / Убадалуу болжолду, / Куржунду артып мойнуна, / Колун салып куржунга, / Коржоңдоп бетбак жөнөдү, / Кыргыздын эли көргөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жетилбай менен Көкбука: / — Өмүр бойу кызматка, / Салаар болсоң арстаным, / Биз дайарбыз анда, — деп, / Убадалуу сөз айтып, / Сулуусу тийип колуна, / Кубанышып кош айтып, / Жээрде атты Жетилбай, / Кыз Кылжыке минерге, / Тартуу кылып ал берди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эп келсе ушул кеңешим, / Касиеттүү абама, / Убадалуу күн болжоп, / Байтайлакты жиберсек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Шадыкан ошол убадалуу күзүндө кайтып токтоп калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →