убадалаш

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Бири-бирине убада берүү, кандайдыр бир ишти аткарууга сөз байлашып убада кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…алгын, -деп, / Сокур окту эритип, / Кайра куйса калыпка, / Мөлтүлдөп барып токтолду, / Сокуру жок жык толду: / — Мына, айаш Кенжеке, / Дарыны ичип, окту кат, / Убадалашып мен менен, / Төрөш үчүн сөз байлаш, / Аккелтенин дарысы, / Туут болсун Кенжеке, / Сокур огум жык толду, / Уул болсун, Кенжеке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жайпап жүрүп отуруп, Кызыл-Кыянын так түбүнө келгенде, эл ушунда убадалаш-кандай туш-туштан агып, жыйналып бир берди дейсиң... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Сатамын, карышкыр канча коюмду кырса, ошончо кой берип алгын, – деп убадалашты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →