убада

китептерде 110 жолу, 10 китепте
  1. Бир ишти аткаруу үчүн берилген сөз, шерт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп жазыптыр Кененим, / Убадасын токтотуп, / Бек жазыптыр Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жолдон тапкан кылычың – / Өткүрлүгү кылычтай, / Төтөп болгон эренге, / Түгөнбөгөн ырыстай, / Өмүр бойу бек турган, / Убада сөз жылышпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Баарыбыз кезек менен айтууга убада болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →