төө

китептерде 468 жолу, 10 китепте
  1. Бир же эки өркөчтүү, чөлгө чыдамдуу мал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ай найза өңөрүп, / Буту сынып жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…елгели, / Залалым сага тийбеди, / Алты жүз эле жылкыңыз, / Азыр алты миң болду, / Айтылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Энчиге беш жүз жылкы айдап, / Отуз төөгө жүк камдап, / Отунчу менен казанчы, / Санаты жыйырма экен, дейт, / Чоңтескей келип конду, дейт, / Бир бала келди кабарга, / Маа айтканы ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала кууп келгендерге кырк төөнү пулу менен берип, Кыраанкараны куткарып алат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →