төшөк
- Ичине кебез же жүн салынып кездеме менен тышталган, алдыга салынып же жамынып жатууга ылайыкталган төшөнчү.
- Жерге отурган адамдардын астына салууга ылайыкталып кабып жасалган, эни тайкы, узунча төшөнчү, көрпө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…гыз үчүн өлөм, дейт, / Кылча жанын айабай: / “Таласка душман баскынча, / Өлгөнүм жакшы менин, деп, / Өлүмдөн туура шек кылбайт, - / Көрбөсөм өмүр мейли, деп, / Төшөктө чалдар туйлабай, / Беймаал бала ыйлабай, / Желеде жылкы жуушабай, / Кемпирдин болбой көөнү жай, / Кымыз ичип, тай сойуп, / Кызыкта жүрбөй уландар, / Кызмат кыл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскердин алдын чубатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анжыйан, Кокон, кең Ташкен, / Самаркан менен Наманген, / Сынчыбек карып төшөктө, / Кокондун эли не болду, / Бадакшан, Балык, Букарлык, / Кара калпак, түркмөндүк, / Калган кыргыз не болду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →