төштүк

китептерде 87 жолу, 6 китепте
  1. тар. Жоокердин төшкө, көкүрөккө тартуучу же кийип алуучу чопкуту, сооту, калканчы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кой кашка Сыргак жолборстун, / Кылгыл чалы баштаган, / Кырк чородой жолдоштун; / Ажыбайдай чеченди, / Олуйа Кошой, Музбурчак, / Алп Төштүктөй неченди; / Жакып хандай кеселди / Каныкейдей жесирди, / Семетейдей жетимди; / Баштан-айак калтырбай, / Жомокчу айтып билдирди, / Кээ кезинде элдерди, / Сагызга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айкөл Манас барында, / Жүргөн Төштүк жанында, / Алым келсе кадырлайм, / Нааразы болбо карыйа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп караса, / Айбаты элден башкача, / Элеман байдын Эр Төштүк, / Жетимиши санча кол менен, / Кара жерди сойултуп, / Жүргөн экен жол менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Итичпестин көлүнөн, / Кырк кулак алтын казанды, / Алып кеткен Төштүгүң, / Ошонусун санасам, / Кыргызга келет өчтүгүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өлүгүнө өк болгон, / Тиригине тик турган, / Эр Төштүк айкөл Манаска. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →