төш
- Дененин курсактан моюнга чейинки алды жак бөлүгү.
- Тоонун боору, тоо бетинин жогорураак жагы.
- Сүбөө, акырек жана кабыргаларды туташтырган кемиктүү сөөк, көкүрөк бөлүгүн туташтырган сөөк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…жанганы, / Чанданды көргөн Чакмакташ, / Андестиги кармады, / Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай шар агып, / Жандап өттү Чакмакташ, / Жана санга бир сайып, / Тоодой болгон Сазандан, / Эки …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Баатырдын огу белек, — деп, / Катышым менин керек” – деп, / Аны менен кээри жок, / Эл чуркурап деректеп, / Көйнөгүнүн ичине – / Төшүнө катып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар чарчап жүрбөдү, / Жөө күрөшкө кирди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскерди…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баласы аман табылган, / Ыйласа жакшы болобу, / Каныкейди Семетей, / Сагынган экен ченебей, / Төшүнө башын койгону, / Мемиреп жаны жай алып, / Куш уйку салып ойгонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →