төтөп
- Көңүлгө төп, толук ылайык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ар, / Талкалап шаарын нан кылып, / Башы-көзүн кан кылып, / Айтып элге келгенде, / Татай жеңди баарын деп, / Атын анын угуучу, / Көңтөй деген калдайы, / Татайды төтөп кылуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жолдон тапкан кылычың – / Өткүрлүгү кылычтай, / Төтөп болгон эренге, / Түгөнбөгөн ырыстай, / Өмүр бойу бек турган, / Убада сөз жылышпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баштап жүрсө Төтөбүң, / Калкыңда турса бактыңа, / Калт этпеген түркүгүң, / Айтышар душман жат жерде, / Акылы ашкан күкүгүң, / Алмамбет келет мен көрдүм, / Ар мүнөзүн айбатын, / Арстан менен тең көрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →