төтөлө
- Кыска, туура, жакын жолго салуу, кыскасына салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздын малын жый десе, / Алгандар келет жетелеп, / Төлүн кошуп бер десе, / Толтурат санын тотолоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…елеп, / Карап турду Дабытай, / Эми качан келер, деп, / Коросондун Дабытай, / Өгүздү минип өчөйүп, / Минген атын жетелеп, / Уйдан айдап экини, / Коргондун жолун төтөлөп, / Саз аралап баратып, / Эшимди көрүп калыптыр: / “Жана эле менден өттү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кулдарга атын береби, / Колчоктоп өзү минбейби, / Аттын изин төтөлөп, / Ал Манас кууп келбейби, / Кимдер издеп табалат, / Уулум сендей мергенди, / Тосуп туруп атып сал, / Башын кесип алалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эки кол, эки бутуна, / Мойун эттин тушуна, / Алты жерге найзаны, / Ченеп сайып мылгытып, / Агызып канын зыргытып, / Өлөсөлүү болгондо, / Өлтүрбөй таштап Татанды, / Куткарбасты төтөлөп, / Бала баатыр жол алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Төтөлөп айтып жолго сал, / Карыган Бакай абам деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →