төтөгө
- Боз үйдүн сыртынан үзүгүнүн этек жагын бастыра тартылуучу, кызыл менен актан оюп, чачык тагып жасалган жасалга.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Төрт-беш күнү биздерге, / Кызмат кылып бергиле” / Деп бөлдүрүп аларды, / Караштуу кылып алты үйгө, / Үйдүн баары төтөгө, / Өйүз-бүйүз бүктөткөн, / Тартылуу нечен көшөгө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жел боосу жез чынжырдан, / Ыгы менен кылдырган, / Баш босого сом алтын, / Жан босого ак күмүш, / Керегесин көктөбөй, / Сары жез менен тээктеп, / Төтөгөнүн этегин, / Төрт эли кундуз жээктеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Төтөгөсүн карасаң, / Төрт эли кундуз жээктүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Өлтүрүп бирин житирген, / Качырып бирөөн кетирген, / Кабарын эрдин угушуп, / Бирине бири угузуп, / Кара калпак, түркмөндөн, / Өзүбек, тажик элдерден, / Арадан канча кошулуп, / Он миң киши баш кошуп, / Ошол жерге чогулуп, / Карманаптын калдыгы, / Аты мунун Төтөгө, / Эл башкарган залы бу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Төтөгө мырза элинен, / Түтүнгө барган бирден жан, / Той берет экен жээнге, / Алган конок жээрге, деп, / Алтымыш миң субайды, / Ылгап туруп кошо алган, / Келген элдин коногун, / Мен көтөрөм, деп барган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →