төрөт1
- Төрөө абалы, төрөлүү абалы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Так он беш күн ошентип, / Чыйырдыны төрөттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Бирмыскалдын бачымдап, / Күчөп калды толгоосу, / Тоо бөксөрүп күн түшө, / Бирмыскалды Каныкей, / Аман-эсен төрөттү, / Жерге жарык бүт түшө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карап туруп Чыныке, / Өз колу менен төрөтүп, / Алмамбет аткан алма баш, / Алып келип астырып, / Ырымдамак баланы, / Кундагына жаткырып, / Унутуп ийип кулунун, / Сүйүнүп кемпир каткырып, / Баланын тону жарылып, / Ырысына эркек тууп, / Жерге түштү бакырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ургаачыда эки өлүм, / Бирөө төрөт билгенге, / Төрөөтүмдүн үстүнө, / Бир катын басып кирбесе, / Өлгөн жакшы турбайбы, / Мындай тирүү жүргөнчө!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арам санап көр Кыйаз, / Төрөтүмдүн үстүнө, / Он эки катын киргизди, / Арамдыгын билгизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →