төрөсүн
- Өзүн төрө катарында көрсөтүүгө аракет кылуу, керилип-чоюлган төрө киши катарында көрсөтүүгө тырышуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сабыр кылып туралы, / Акмаңдай аман төрөсүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шалкыматы сойгомун, / Келет деген төрөсүн, / Калдагай кулак Чойун алп, / Тажиктердин Темирбек, / Келтирип мында жүрбөймүн, / Кикиматты жоготуп, / Дүйшөнбү карай жүрөмүн, / Жалганы жок баары чын, / Болбосун мында күмөнүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кармап келип керкини, / Аргамжы кылып чачыны, / Бир жагына таш теңдеп, / Артып алып башыны, / Тоодой керкти жетелеп, / Төрөсүн карай бастырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Угуп Чүрөк жымыйып, / Капканга түшкөн суусардай, / Астыртан тиктеп кылыйып: / — Эрлиги артык төрөсүң, / Кээ кездерде кебиңди, / Кайтарып койсом өткөрбөй, / Айтканыңды биле албай, / Аны кимден көрөсүң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Байлап келип төрөсүн, / Коңурдан сыйлык алалы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →