төртөө

китептерде 143 жолу, 10 китепте
  1. Төрттүн жамдама сан атоочу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Токочтун саны жүз сексен, / Тойбоймун арзан мен жексен, / Ооз оту болор жерим жок, / Жүз сексенди мен жесем, / Атан төө сойгун, уй сойгун, / Ага кошуп кой сойгун, / Чочко сойгун, ит сойгун, / Алты күнгө дайарда, / Арактан алты көөкөрдү, / Азыр ичем экөөнү, / Тамакка кошуп төртөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Белдүүсү төртөө көрүнөт, / Белсенип жоого кирери, / Кырктан ашык көрүнбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лип булардын, / Жалгызек турду муну айтып: / — Коркпогула, туугандар, / Мындай тамсил бир кеп бар - / “Сулуу кыз менен күлүк ат, / Кыраан бүркүт, зил тайган- / Төртөөнүн баасы жок болот” / “Кызыл тилдин сөөгү жок, / Баш сыпаанын жүзү жок”- / Элдер айтып келаткан, / Ушул болот “эки жок” / Аш кайнамча токтолду, / Кыңк эткен пенде… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анда-санда бирдемелерди күңкүлдөшүп коюп, төртөөбүз бир жерде отурабыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →