төркүн
- Күйөөгө чыккан кыздын ата-энеси жана башка туугандары.
- өт. Түпкү маани, тек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төтөлөп жолго киргизип, / Баланы тосуп жүрөрмүн, / Түбөлкү сырын билгизип, / Тирүү болсоң барарсың, / Төркүнүң таап аларсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…п айтып: / «Байкап уккун деп айтып, / Илгери атам өлүптүр, / Эки энем кордук көрүптүр, / Түйшүктү булар салыптыр, / Мен жетимди калкалап, / Эки карып энекем, / Төркүн издеп барыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эне төркүн арстандар, / Учурап калдың алдымдан!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Түпкү төркүн ээси — деп, / Букардагы Ысмайыл, / Түпкү тирек сенсиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →