төркүлө

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Кыз күйөөгө чыккандан кийин, өз ата-энесинин үйүнө мейман катарында келүүсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кызы келип төркүлөп, / Кур кете албайт кызым, деп, / Бул душмандын көркү деп, / Кийерине тон берип, / Минерине ат берип, / Жетелетип төө берип, / Короодон бөлүп кой берип, / Анан жолго салуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…хан, / Өзүңүзгө курбалдаш, / Карыдан алып жаныңа, / Тегеле куру келбейсиз, / Алтының артпай нарларга, / Каадасын кылып тартынбай, / Той жагын толук берсеңиз, / Төркүлөтүп жеңемди, / Кошо алып келсеңиз, / Арстан келсе аралаш, / Алмамбеттин Кылжейрен, / Кебез байлап башына, / Киргизип отко Манасты, / Төркүлөтсөң Канышты, / Бөркүңү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отко кирсе эр Манас, / Төркүлөп келип Каныкей, / Энчисине мал алды, / Кому-чому жонунда, / Санаты жүз нар алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →