төр

китептерде 174 жолу, 10 китепте
  1. Боз үйдүн босогосуна карама-каршы бөлүгү, үйдүн түп жагы, жогорку жагы, сыйлуу орун.
  2. Бийик тоодогу жайлоо, мал жайыты, тоонун жогорку жагындагы жайыт жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чигитей жүзүн көрө элек, / Торгой көрүп караанын, / Бурулуп төргө өтө элек, / Шыкаалаган тешиктин, / Түбүнөн басып кете элек, / Ак чөйчөккө суу алып, / Сары улагын дагы алып, / Ак сарыбашыл кой алып, / Ак боз бээден бирди алып, / Тайар кылып Көкөйү, / Камынып турган чыңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскердин алдын чубатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чалкалаган төр калды, / Чатыраган көл калды, / Суусуз нечен чөл калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мынабу төрдө чытыраган бирөө бешмантчан болуп, жайдактанып алган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Киришсе, төрдө бир териге оронгон кемпир жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →