төптө

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Бардык жагынан толук ылайык келтирип тактоо, төп кылуу.
  2. диал. Жөлөө, таёо, жөлөп коюу, таяп коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара санга камчы жеп, / Аркардай арыш алганы, / Төрт аркан келет туурасы, / Төптөп аттап кете албай, / Орго түшүп калганы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алты күндөн ашырбай, / Төптөп туруп беш күндү / Бекбачаны келтирип, / Мээ кайнаган бул кумга, / Тирүүлүк күн бизде жок, / Кыйын болот моңгулга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Төрт ирекет багымдат, / Төптөп окуп алды эми, / Намазды окуп болгон соң, / «Табарикти» жат айтып, / «Жаасын» деген сүрөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Экөө сүнөт, экөө парз, / Эгем таала пендеден, / Өтпөй турган кыйын карыз, / Төрт ирекет багымдат, / Төптөп окуп алды эми, / Мекеден келген ак теспе, / Седептен кылган чоң тесме, / Жанынан сууруп алды эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Таң саргарып атарда, / Тараза жылдыз батарда / Ойрон болгон Гүлчоро, / Отуз эки дубаны, / Отуруп төптөп чечти эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →