төп1
- Так, туура, бардык жагынан толук ылайык.
- Адилет, ак ниет, туура чынчыл.
- Бүтүндөй толук, түгөл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кызыл жүздүү, ак беттүү, / Кыздан сулуу келбеттүү, / Айдардын учу жылтылдап, / Тизип койгон немедей, / Төп келтирип берметти, / Мурду кырдач, кара каш, / Кабагы бийик, өңү саз, / Эрибес боору, кара таш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Оркондун кызыл суусуна, / Келип Алмаң караса, / Өзү көргөн өгүнкү, / Өөрчүп жаткан чоң дайра, / Какшып соолуп калыптыр, / Сай төбүндө кылдырап, / Көк кашка суусу агыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…шун жүрөк, жел билек, / Адамдар коркор эр эмес, / Жалгыз кара бир башын, / Сан кишиге теңебес, / Зоңконун зоосу сыйактуу, / Өзүн ойлойт кебелбес, / Төрт атасын төп айтты, / Манастын атын көп айтты, / Сейити атым деп айтты, / Канчыкты кармап алам, деп, / Көрсөтүп кызды мага айтты, / “Тийишпесе тийбеймин, / Тийишип калса ты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жолоочуга төп айтып, / Токтотпостон атказып: / «Хан Кыйазга барарсың, / Катты бере саларсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…арган Гүлүстөн, / Токсон аттык байгени, / Тогуз атка сайыптыр, / Сейитектин тогуз ат, / Тобу менен барыптыр, / Башкаларга байге жок, / Баарын кыргыз алыптыр, / Төп келип салган төлгөсү, / Ошол жылы жазга жуук, / Табылып Семей калыптыр, / Жалганы жок баары чын, / Уккан кебим аныктыр, / Арманы жок кыргызда, / Айкөл Манас ар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →