төн
- Көрүнбөй чөгүп, батып кетүү, көрүнбөй бир нерсенин арасына кирип жок болуп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ызылды, / Кызыл жерде сарала, / Башка–башка бөлүнсүн, / Чаар менен карала, / Айткан ишти кылсаңар, / Кары- жашың калбастан, / Алдыдан тосуп чыксаңар, / Акылыңа төндүргүн, / Ушул бизден уксаңар, / Кылбасаңар айтканды, / Кылык кылам айткандай, / Каныңарды агызам, / Тегирмен эгин тарткандай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…шып, / Өзөгүнөн жарышып, / Өпкөсүн сууруп чабышып, / Как ушундай болсун, деп, / Башын бийик каратып, / Канын суудай агызып, / Байкап жүргөн Жамгырчы, / Акылына төндүрүп, / Алып келип көк тайды, / Топого койгон көмдүрүп, / Боолап койгон чырпыкты, / Кырк жеринен керттирип, / Балта менен кестирип, / Алып чыгып талаага, / Күбүр-шы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп алып келди бөлдүрүп, / Акылына төндүрүп, / Короого малды байлатып, / Алтын менен күмүштү, / Төктүрүп койду жайнатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Деп Чачыкей карганда, / Каргышын ага арнады, / Карап туруп калганы, / Кой каргышы бөрүгө, / Катын каргышы эрине, / Жетпейт деп эл айткандай, / Эр Семетей баатырың, / Тайбуурул менен дуу койуп, / Шайбырына төндүрүп, / Басыгына көндүрүп, / Жүрүп кетти балкылдап, / Нары жакты карай шалкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өзү, бирин-серин сербейген сакалы бар, көзү чекир, эки жаагынын сөөгү төңкөйгөн, далысы эңиш, арыкчырай киши экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →