төмөнтөн
- Ылдыйтан, ылдый жактан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ошол кезде карагер атчан, сур кийимдүү зыңкыйган бир солдат төмөнтөн чаап келди да биздин үйгө түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир күнү эртең менен бирөө төмөнтөн түрсүлдөтүп, биздики жакка бастырып келди да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Көкүрөк элинен кийин, төмөнтөн көтөрүлгөн саяктар жүрүп отуруп Корумду, Чоң-Ташка келгенде артынан аскерлер кууп жетип капчыгайга камап алып элди кекилик уулагандай кылыптыр Ата-энесинин көзүнчө кыздарын зордуктаптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Төмөнтөн большевик деген келет дейт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →