төмөн
- Ылдый, эңкейиш, өйдөнүн карама-каршысы, ылдый карай.
- Салыштыра караганда сапаты, теңдештиги ж.б. жагынан алда канча начар, кемчил, жетишсиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ылып, / Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Калмактын калкы башталды, / Туш-тарапка качканга, / Асылбача ошондо, / Дүрбү салып караса, / Төрткөлдүн төмөн жагында / Калдайган кара кошуун бар, / “Эмне шумдук, капырай, / Уктап жаткан элдерди, / Уйалбай барып чапканбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кутунайдын Камбылкер, / Аталуу күлүк мал эле, / Кыргыздар атты чапканда, / Бештен төмөн түшпөгөн, / Ортосунда бар эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажыз экен ургаачы, / Эркектен төмөн кор экен, / Карыга башы чатылса, / Өз теңтушу болбосо, / Ургаачыны шору экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Төрткөлдүн төмөн жагынан, / Төрөмдүн сайган багынан, / Баркөлдүн маңдай жагынан, / Бакайдын салган тамынан, / Жекендүү көлдүн ойунан, / Жергенин сары талаадан, / Аз олуйа Баркөлдүн, / Кыз олуйа Кеңколдон, / Алакөлдүн кашынан, / Айдын көлдүн сазынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кеттик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →