төмпөй
- Түмпүйүп, томпоюп туруу, бөлтөйүп, кабарып туруу, бир аз томпойгон көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түрүп кетти Карадөө, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагын бүркөп чүмкөлүп, / Сүйлөбөй бетпак төмпөйүп, / Тогуз кабат туулга, / Башына орой чүмкөнүп, / Тирүүлүктөн өлүм ак, / Аманат жанга күч келип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Аны алып барып кыштактын баш жагындагы бир жерге төмпөйтө салдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →