төлдө
- Тукумдоо, тукуму өсүү, төл берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ак балта хандын Чубагы, / Акылдашы, ынагы, / Үзүктөй калпак эр Шууту, / Мына бу турган эр Матан, / Ал Шуутунун тукуму, / Атагы Лопнур болсо да, / Черченде болгон туругу, / Черченде төлдөп көбөйгөн, / Жибек курттун уругу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аркасынан колбутуп, / Күмүш булак түз керүү, / Жетисуунун жайлоосу, / Жылкы төлдөп жатчу жер, / Илгертен бери мына шо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төлдөп малы түтөдү, / Жыдыгы чыгып кеткенби, / Мурункудан күчөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ташкенге көчүп баргалы, / Арбып малы төлдөдү, / Азайбады көбөйдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мал кызуу төлдөп жаткан кез.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →