төлгөчү
- Төлгө тартуучу, төлгө салуучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кандай дээрин биле албай, / Канчага Калдык буулуп, / Жана калдык жай айтты, / Жакшыларга муну айтты: / — Жайчың болсо жайын айт, / Далычың болсо дайынын айт, / Төлгөчүң болсо, төгүн айт, / Төгүн айтпай чынын айт, / Изчиң болсо билип айт, / Көргөн болсоң көзөп айт, / Көз боочу болсоң, көрүнө айт, / Көзүң көргөн ишти айт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросондун айары, / Төлгөчү менен далычы, / Элге айткан кептерин, / Койбой айтып барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төлгөчү кара Төлөгүн, / Төлгөңдү салчы Төлөгүм, / Арстан Манас кайда экен, / Айтчы мага көргөнүн,- / Алымдардын Алакен, / Актай далы көрүчү, / Ашкере айтчу бала экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Актай далы көрүүчү, / Ашкере билгич Алакем, / Төлгөчү Төлөк мурунтан, / Билип жүргөн кеп экен, / Күбүрөштү ал экөө: / — Алмамбет билгич эр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Мен төлгөчүмүн, элдин жоготкон малын төлгө салып таап беремин!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →