төлгө
- 41 ташты тартып, же башка жол менен келечекте эмне болорун же мурда эмне болгонун болжолдоп айтуучулук.
- Өзүнүн оюнун, максатынын келечекке туура чыгышын, орундалышын болжол кылган белги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төлгөчү салып төлгөсүн, / Күнүнө айтат көргөнүн: / — Куту бий, Манас – булардан, / Баркөл, Кумул, Турпандан, / Урушка келет көп адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Төлгөчү кара Төлөгүн, / Төлгөңдү салчы Төлөгүм, / Арстан Манас кайда экен, / Айтчы мага көргөнүн,- / Алымдардын Алакен, / Актай далы көрүчү, / Ашкере айтчу бала экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Төлгө кылып Каныкей, / Дөө Кошойдун Тайтору / Чапканынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Төлгө ташты алып көр, / Төлгөңдү жакшы салып көр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Мен төлгөчүмүн, элдин жоготкон малын төлгө салып таап беремин!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →