төл

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Малдын жаш тукуму.
  2. Кандайдыр бир иштин, аракеттин жемиши, келип чыккан натыйжа.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргыздын малын жый десе, / Алгандар келет жетелеп, / Төлүн кошуп бер десе, / Толтурат санын тотолоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тукуму өскөн төл арбып, / Жибектен түшүм көп алып, / Жардысы калбай Нойгуттун, / Бары кеткен бүт байып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыргыздар жатат жан жыргап, / Дүнүйөгө көз тойуп, / Арбытып төлүн мал жыйнап, / Кайда жүрөт экендир, / Дабытай шордуу жан кыйнап? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эсен хан берип биздерге, / Жаңыдан келдик бул жерге, / Өтө жакшы жер экен, / Жылкы арбып төлдөргө, / Байлар жатса эң сонун, / Малын айдап төр-төрдө.... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Койлор бооз чыгып калса, төлү менен он алты болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →