төк

китептерде 399 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир суюктукту чачып же шарт куюп жиберүү, жаба куюу, ичиндегисин көңтөрүп же ыргытып таштоо, чачыроого дуушар кылуу. Катуу жаап кирүү.
  2. Тапшыруу, төлөө.
  3. Коё берүү, абдан күчөтүү, үстөкө-босток демөө, ашып-ташуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бөлүнүп бизден Каракөз, / Кыргызга барып бата албайт, / Сегиз хандын баарысын, / Селдей канын төксө да, / Кыргыз кебин эп көрбөйт, / Кастык кылды коргонго, / Күнөөсүн мунун өткөрбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кадимки наркым бар болсо, / Канын төгүп келейин, / Өнөгүмдү мен кантип, / Өз колумдан берейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сыйкырдын баары төгүлдү, / Тордон Сыргак бөлүндү, / Байкап көрсөм Сыргакты, / Бир ажыдаар көрүндү, / Белсенип турган оогандык, / Бекерге каны төгүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айчүрөк менен Каныкей, / Ат жетер жерден алдырып, / Элди арбын жыйыптыр, / Жерге төгүп алтынды, / Чөккөн төөдөй кылыптыр, / Ошол кезде Каныкей, / Элге айтып туруптур: / — Тилинен тартып өзөккө, / Ич этине тийбеңер, / Өлүп кетет тийсеңер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →