төгөрөк

китептерде 18 жолу, 8 китепте
  1. Тегерек.
  2. Айлана, теребел.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ын таап, / Белги берип аскерге, / Каптатып ийип Асылды, / Чыга бергин бир четке, / Душманды мактап жатат деп, / Сен албагын көөнүңө, / Манастын укум-тукумун, / Төгөрөктүн төрт бурчу, / Төбөлөшүп салышып, / Жеңгени жок эмгиче, / Амал менен туралы, / Саламаттын хан Калдык, / Таңгут, маңгыт, тыргооттор, / Калдайып мында келгинче, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Адам чыгар жери жок, / Төгөрөгү тең туйук, / Асманы турат көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Төгөрөктүн төрт бурчун, / Төрт айланып ким чабат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төгөрөктүн төрт бурчун, / Баарын койбой кыдырган, / Гүлчородой кулуң бар, / Асмандап учкан канаттуу, / Айчүрөктөй апам бар, / Албай кантип каламын, / Оорактуу Кыйаз атам бар, / Тоотору минем токунуп, / Отуз күндө барамын, / Угуп жүргөн Урумга, / Эрикпей жүрүп олтуруп, / Атадан калат балага, / Аркасында мал-мүлүк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Төгөрөктүн төрт бурчун, / Түгөл такыр алганда, / Кыйынсыган кытайдан, / Кылым ханы Эсен хан, / Кол куушуруп алдыма, / Келбегенин көрөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →