төгүн

китептерде 10 жолу, 3 китепте
  1. Жалган, калп, чындык эмес.
  2. Бекеринен, жок жерден, негизсиз, тегин.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ле албай, / Канчага Калдык буулуп, / Жана калдык жай айтты, / Жакшыларга муну айтты: / — Жайчың болсо жайын айт, / Далычың болсо дайынын айт, / Төлгөчүң болсо, төгүн айт, / Төгүн айтпай чынын айт, / Изчиң болсо билип айт, / Көргөн болсоң көзөп айт, / Көз боочу болсоң, көрүнө айт, / Көзүң көргөн ишти айт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жарымы төгүн, жарымы чын, / Жарандардын көөнү үчүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Качырып кирип барганда, / Баарысы турду чуркурап, / Бөлүндү балдар чыркырап: / — Төрөбүзсүң Алмамбет, / Төгүн эмес айткан кеп, / Таштабай бизди ала кет, / Жаныбызсың Алмамбет, / Калпыбыз эмес айткан кеп, / Каканга койбой ала кет, / Аркаңа бизди сала кет, - / Анда туруп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр Коңурбай кат жазган: / “Ырас сөзүң деп жазган, / Мурун Кеңкол сеники, / Бүгүн Кеңкол меники, / Мунуңда төгүн буруу жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Күмбөзгө барар кез эмес, / Көргөнүм төгүн түш эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →