төбөл
- Төбө.
- өт. Башкаруучу, бийлик жүргүзүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Арстан тууган эр неме, / Алтымыш койуп өттү эле, / Найза, балта аралаш, / Сом темир менен кетелек, / Айрылышпай чамалаш, / Көз ачырбай эр Гүлүс, / Уруп турат төбөлөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Семетей шайдоот эр эле, / Көз ачырбай төбөлөп, / Он бирди койуп ийди эле, / Алдындагы Тоосур ат, / Багалчеги малынып, / Кара жерге кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир күнү кожоюнумдун бир жакшы көргөн кара төбөл эчкиси талаадан ооруп калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Кара төбөл ооруп келди,— дедим кылмыштуу немедей болуп.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →