төбө

китептерде 197 жолу, 10 китепте
  1. Баштын үстүнкү бөлүгү, чоку.
  2. Кандайдыр бир бийиктиктин, тоонун, үйдүн ж.б. эң үстүнкү бөлүгү, жогору жагы, чокусу, учу.
  3. Баш кийимдин кыруусунан жогорку түп жагы, үстүнкү бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баарын көрүп алардын, / Абыдан көрүп аралап, / Азык менен аралды, / Кашкар менен жол жүрүп, / Ак калпак кыргыз эл көрүп, / Чеч төбө келип бел ашып, / Бактыбай менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Таласка кетти Бекбача, / Карсылдашып күлүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…удан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Төбөмдөн урса кобомбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн кыйшайды, / Бир жерге токтоп түшөбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →