түңүл

китептерде 106 жолу, 10 китепте
  1. Үмүт үзүү, күдөр үзүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Артында турат чигиттин / Кашкайган сонун жигиттин, / Атайын келген Торгойдун, / Тасмадай бели бүгүлүп, / Тартынбай айткан кебине, / Атасынан түңүлүп, / Араң-араң токтолот, / Келейин деп жүгүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…лычын тартып кынынан, / Жандан тойуп так жадап, / Аша кечип жанынан, / Жалтылдатып кылычын, / Жан алам деп күркүрөп, / Түрүн көргөн Төбөйдүн, / Далайлар жандан түңүлүп, / Кыйкырыгы таш жарып, / Таштан өтүп баш жарып, / Кыйырдан келип урганы, / Кыраандын уулу Кененим, / Найза менен камына, / Булчуң эткен сайганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Булар бизди эбак өлдү деп, түңүлүп коюшкан экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →