түштөн
- Түштө тамактанып, тыныгуу, күндүзгүсүн тамактанып, сый көрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кераттын келип көөн тынып, / Бактыбайдын айтканы: / — Атыңды сүрөп чыгарган, / Эртең түштө келгиниң, / Эсептеки алтынды ал, / Эртең түштөн калганың, / Алтыны жок атыңды ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түшкөчө шамал батыштан, / Түштөн кийин чыгыштан, / Бугу айлары болгондо, / Чыдай албай сууктан, / Жылкыдан калды азыраак, / Кара малдан калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кондурган бойдон колумда, / Ошол түштөн ойгондум, / Ойго батып толгондум, / Жоруңар эми түшүмү, / Кылыч, жолборс, кушуму, / Сөзүн Манас бүтүрдү, / Айтып элге ушуну.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кобуратып айтпаптыр, / Кененимдин айтканы, / Башка жакка кайтпаптыр, / Айы кетип күн өтүп, / Туур күнү Кылжыке, / Жок экен үйдө Кененим, / Шашыкеде бир уулду, / Түштөн кийин бир уулду, / Төрөгөн экен Кылжыке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жаман түштөн чочуп ойгонгондой болдум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →