түшкү
- Түш мезгилиндеги, түш маалындагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда Манас кеп айтат, / Ачууланып бек айтат: / — Жайылып койдой баспайсың, / Түшкүчө төрдө жатпайсың, / Кезеги келсе ушундай, / Кенедей даам татпайсың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркарга жетсе эр Гүлүс, / Аркар жатат үксүйүп, / Гүлүстөн барып түшкүчө, / Жылан болуп жыйрылып, / Бака болуп чогулуп, / Аттан түшүп болгуча, / Өзгөрүп болду кара аркар, / Алты түрдүү кубулуп, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Сыйкырдын …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир күнү түшкү тамактан кийин эл эс алып жаткан кезде, мен алачыктын артында бир кумурсканын уясы-нан өтүп барып, жалаң этиме кийген бешмантымды жайып коюп, жыңалач болуп, битин карап отурат элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эртең мененки тамагына эки музоону, түшкү тамагына эки улакты, кечкисине эки козу жейт экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →