түтөк

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Көбүнчө бийик тоолуу жерде дем алуусу кыйындаган, кыстыккан абал, оору.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кундуз артып, чай артып, / Түрдүү мурчун дагы артып, / Кепереч, сымап дары артып, / Киргит, дөбөт, ташмалык, / Буудай алып кетем, деп, / Индинин эли чубалган, / Борошодо белде өлүп, / Түтөк алган жерде өлүп, / Белден ашчуу пенденин, / Азы калып, көбү өлүп, / Индилер минтип куураган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…а тартышып, / Эңишке салып жарышып, / Капталга келсе жанашып, / Заар төгүп жаны ачып, / Аңтарып көзүн карашып, / Өргө салып аттарын, / Өпкөлөтө теминип, / Жери түтөк Кеңколдун, / Өпкөсү көөп демигип, / Кулактарын кайчылап, / Тулпарлары элирип, / Кандыргалап жарышып, / Кара темир үзөнгү, / Какылдашып кагышып, / Күндүн нурун … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Жайлоого чыксак түтөк — деп, / Күздөөдө чымын күчөйт” — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Киргит Түтөк бел ашып, / Каргалык көздөй бет алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ — Айланайын акебай, / Кичүү болсоң үкөм, ай, / Каалаган кишим болбосо, / Дегеле болбойт көөнүм жай, / Атым Түтөк дегенмин, / Уругум шаңкай элденмин, / Сойушка айдап жылкы алып, / Коромжуга келгенмин, / Айдап келген жылкыны, / Алып барып бергенмин, / Ачык-жумук камчы эти, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →