түтүк
- Жумуру келген, көңдөй зат.
- Үйлөө аркылуу ойнолуучу музыкалык курал, аспап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бажылдаша талашып, / Бир кеңешке тынышып, / Тогуз чоңго астыртан, / Кабарга жигит чаптырган, / Чубата үйдү тиктирип, / Түндүктөн күндү көрсөтүп, / Түтүктөн сууну ичирип, / Бермекчи болуп кеңешип, / “Ушул акыл жөн, — дешип, / Ким катылат Манаска, / Сыйлашалы тим, — дешип, / Кара кыргыз Манаска, / Кайраты болот болс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көөнүн ачып кош кылам, / Күлдү журттун баарысын, / Май агызам калаадан, / Сүт агызам бир жактан, / Түндүктөн айды көрсөтөм, / Түтүктөн сууну ичиртип, / Той жарагын мен камдап, / Түгөнгүс алтын зар камдап, / Өлүп кетсем арман жок, / Айчүрөктү чын кармап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бала көнөчөктөн обочороок чөгөлөп алып, түтүк корулдатып ойноп ичти да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →