түстүү
- Кандайдыр бир түстө, өңдө, кызыл, сары, жашыл ж.б. сыяктуу белгилүү бир түсү бар.
- Өңдүү, кебетелүү, сулуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күүгүм туман көздүү экен, / Майлаган буудай жүздүү экен, / Ачуусу келсе кокустан, / Азырейил түстүү экен, / Кулагын көр калкандай, / Тийчүүдөй турат жалтанбай, / Кулжуңдашкан кишини, / Майдалап койсо эрки экен, / Чоңдугу төөнүн нары экен, / Толкуну көлдүн шар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →