түрөгөй

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Жөнөкөй, тукумунда жакшы белгилери, сапаты жана касиети болбогон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алымсарык мингени, / Түрөгөй тору Тобурчак, / Көз ачырбай доңузду, / Төбөгө балта чака-чак, / Манастап ураан чакырып, / Үнү чыгат бака-бак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Койнунан колун чыгарбай, / Кооп барып сийе албай, / Көңүлдөрү кир болсун, / Түрөгөй чалыш жүнсүз мал, / Оогандыктын аттары, / Тоңуп өлүп жоголсун, / Кар жамынган корумдай, / Ар кай жерде торойсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ойлонуп акыл Байтөлөн, / Эч кишиге туйдурбай, / Түрөгөй чалыш мингени, / Түн теңи жолго киргени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төө таманын ойултуп, / Күн-түнү жок тарттырып, / Жетисуу жете барамын, / Таластыктын жылкысы, / Жүнсүз баары тобурчак, / Түрөгөй чалыш аргымак, / Бардыгы күлүк, түрс айак, / Семетейден ала албай, / Мен келгемин ушул жак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →