түрткүлө
- Кол, бут ж.б. аркылуу бир нерсени түртүп көрүү, козгоо, тийгизип түртүү.
- Таасир этүү, түртүү же айдоо аркылуу бир жакка багыттоо, жылууга, ордунан турууга мажбурлоо, аргасыз кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоготойун барып, — деп, / Чынаача минтип турганда, / Өзүнчө жатып күүлөнүп, / Муну кудай урганда, / Коңурбай аны түрткүлөп, / Оолуктуруп койуптур, / Чаначтан бетер жел берип, / Бучкагынан чойуптур: / — Каңгайдын тоосу айланып, / Амалайга туташат, / Бир башында мен турсам, / Бир баш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качып кеткен качкын кул - / Сорандыктын баласы, / Түбүнөн козгоп түрүктү, / Түрткүлөп келди карачы - / Эсен ханга Коңурбай, / Жандатып айтып тийгизип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— Тур, кагылайын музоого бар,— деп акырын мени түрткүлөп, ойготуп жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— деп түрткүлөп, бирөө бизди ойготуп жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →