түрт

китептерде 43 жолу, 9 китепте
  1. Кол менен же башка жол менен күч жумшап ордунан козгоо, жылдыруу, арылатуу, итерүү, нукуу.
  2. өт. Иштин жылышына жардамчы болуу, себеп, түрткү болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кандеке түртүп салдыңбы, / Кайгыга салбай калыкты, / Тапшырып алсаң болбойбу, / Талаада калган шаарыңды,- / Келген элден кеп угуп, / Кетти Жаңжүн деп угуп: / — Улук болбой катып кал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колундагы найзаны, / Артына түртүп чиренип, / Тапактын колу аркага, / Кайрылып барган кездерде, / Катуу булкуп тартканы, / Кыргыздын кыраан арстаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайра имерип Куйалы, / Аңтара түртүп жиберип, / Как бооруна найзаны, / Катуу кыйын муштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эртең менен уктап жатсам бир кезде Василий мени түртүп ойготту да, уйкулуу көзүм менен жетелеп алган бойдон кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ак кандын кызы өлгөн кишини түртүп койсо аласалып кетет деп, атасынын алтын чокморун сурап берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →